Лейлекте эки аткезчилик фактысы аныкталды

0
1067

Лейлек районунун чек арага чектеш тилкесинде бир тоннага жакын күрүч жана 100 куту энергетикалык суусундук ташыган үч жаран кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, аныкталган аткезчилик жүктөрдө тийиштүү документтери жок болгон.  Алардын орточо базар баасы 300 миң сомдон ашат. 

Бул факты боюнча документтер толтурулган соң кармалган жарандар жана аткезчилик жүктөр мындан аркы териштирүү иштери үчүн тийиштүү органдарга берилди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here