Баткенде 5 жаштагы балага кол салган жырткычтан кутурма аныкталды

0
1033

Кечээ, 30-январда Баткендин Апкан айылында кутурган чөө бөрү 5 жаштагы балага кол салды. Бул тууралуу баланын атасы Майсалбек Аркабаев билдирди.

Аркабаевдин айтымында окуя түнкү саат 1:00 чамасында болуп, анда уулу менен даарат ушатканы коорого чыккан учурда чөө кол салган. Кичинекей баланын кийими калың болгондуктан тиши катуу кирген эмес.

Ал эми Баткен райондук ветеринардык башкармалыгынын башчысы Эркин Таштановдун маалыматында өлтүрүлгөн чөөдөн кутурма оорусу аныкталган. Аталган айылда жолбун ит мышыктарды, чөөлөрдү атуу иштери улантылат.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here