Бул тууралуу облустук бийликтен билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 30-январда өткөн көк бөрү боюнча турнирде 1-орунду Лейлек районунун курамасы, 2-орунду Кызыл-Кыя шаары, 3-орунду Сүлүктү шаары, 4-орунду Баткен шаары жана 5-орунду Баткен районунун курама командасы ээледи.
Мелдештин соңунда облус башчысынын орун басары Маруфхан Тулаев жеңүүчүлөрдүн сыйлыгын тапшырып, аймакта көк бөрү улуттук оюнунун өнүгүүсүнө салым кошкон спортчуларга ыраазычылык билдирди. Ошондой эле Көк -Бөрү Федерациясы жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктарын тапшырды.