УКМК: Баткенде «Йакын-Инкар» диний-экстремисттик кыймылынын мүчөлөрү кармалды

0
2395

Ушул жылдын 26-январында Кадамжайдын Кызыл-Кыя шаарында жана  Баткен шаарында «Йакын-Инкар» диний-экстремисттик кыймылынын мүчөлөрүнүн үйлөрүнө тинтүү жүргүзүлүп, аталган кымылдын  14 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети маалымат таратты.

Маалыматка караганда, алардын жашаган жеринде жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында, чоң көлөмдөгү диний адабияттар табылып алынды, алар теологиялык экспертизага жөнөтүлөт.

Экстремисттик топтун лидери аталган 1983-жылы туулган жаран экени аныкталып, Баткен райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул аймактагы кошумча кылмыштуу байланыштарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here