Баткенде диний экстремисттик материалдарды таратууга шектелип 28 жаштагы жаран кармалды

0
1345

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматына Кыргызстанда тыюу салынган диний экстремисттик аудио материалдарды белгисиз атуул социалдык тармак аркылуу  пайдаланып, өзүнүн баракчаларына жарыялап жүргөндүгү боюнча ыкчам  маалымат келип түшкөн. 

Жогорудагы факты боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында, Баткен облусунун 28 жаштагы тургуну колдонгон интернет баракчасынан аудио материалдар көчүрүлүп алынып, экспертизага жөнөтүлгөн.

Экспертизанын корутундусуна ылайык, аудио материалдар  экстремисттик жана террористик маанайда экендиги аныкталган.

Кармалган жаранга карата жазык кодексинин экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу беренесинин боюнча кылмыш иши козголду. 

Шектүүнүн жашаган үйүн тинтүү учурунда 6 уюлдук телефон, 6 диск алынган. Учурда козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдары жүрүп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here