Лейлекте скутер уурдоого шектелип 32 жаштагы жаран кармалды

0
627

Лейлектин  Кулунду айылында баасы 50 миң сом турган скутерди уурдоого айыпталып аталган айылдын 32 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.

Ага ылайык, текшерүү иштеринин жүрүшүндө кармалган жаран скутерди Кадамжай районуна алып барып сатып жибергендиги маалым болду.

Бул факт жазык кодексинин Уурулук беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Учурда шектүү катары кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here