Кызыл Ай коомунун жардамы менен 642 бала 4000 сомдон стипендия алышат

0
1021

Бүт өлкө боюнча ата-энеси жок калган 642 бала стипендия алышат. Жаңы Жылдын астында Кыргызстандын Кызыл Ай коому – Бириккен Араб Эмираттарынын Кызыл Ай коомунун колдоосу астында багуучусунан ажыраган, ата-энеси жок калган балдарды колдоо үчүн кайрымдуулук кампаниясын демилгеледи. Бул акциянын алкагында стипендия алуучулардын тизмелери КР Социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан Бириккен Араб Эмираттарынын Кызыл Ай коомунун талаптарын жана критерийлерин сактоо менен суралган. Бул маалыматты Кыргыз Республикасынын, Улуттук Кызыл Ай Коомунун Баткен областук өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Жигитов Канатбек Мамытович билдирди.

 

Ушул долбоордун алкагында Баткен районунун аймагынан 29 үй бүлөдөн 45 балага ай сайын жардам катары 4000 сомдон стипендия катарында алышат. Бул долбоор Бириккен Араб Эмираты тарабынан каржыланып, Улуттук Кызыл Ай Коому тарабынан ишке ашырылууда.

Өнөктөш тарабынан стипендианттардын (атасынан\ата-энесинин экөөсүнөн бирдей ажыраган жетим балдар) акыркы реестрин бекитүү жана жыйынтыктоо төмөндөгү факторлорду эске алуу менен жүгүзүлдү:

— майыптыгы бар балдар;

— аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөр;

— туруктуу кирешеси жок үй-бүлөлөр.

Балдар үчүн финансы каражаттарын берүүнүн максаттары төмөндөгүдөй болуп саналат:

— жашоо шарттарын жана анын сапатын жакшыртуу,

— билим берүүнү өнүктүрүү,

— баланын ден соолугуна жана тамактануусуна кам көрүү.

Бир балага минималдуу төлөм 4 000 сомду түздү.

Балдар жардамды Кыргыз-Инвестициялык-Насыя Банкынын (КИНБ) көмөгү астында, банк карточкаларына комиссиялар кармабастан алып жатышкандыгын белгилей кетүү керек.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here