Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын Ж.Назаров көчөсүнүн 800 метр аралыгы 7 метр кеңдикте асфальтталды. Бул тууралуу шаардык бийликтен билдиришти.
Асфальт төшөө иштерине жергиликтүү бюджеттен 8 млн сомдон ашуун каражат жумшалган.
“Азыр асфальт төшөө жумуштарына байланыштуу бул көчө убактылуу жабык жана 8-декабрдан жолду пайдаланууга берилет,” –деп жазылат маалыматта.