Баткендик активист, блогер жана жергиликтүү журналисттерге заманбап видео материал даярдоо боюнча окутуу өтөт

0
880

Баткенде инновациялык медиа материалдарды колдонуп, социалдык көйгөйлөр жана алардын чечилиши үчүн мүмкүнчүлүктөр жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу” долбоорунун алкагында жергиликтүү эми ишин баштаган журналисттер, блогерлер жана активисттер арасында заманбап  видео материал даярдоо боюнча окууларга катышуу үчүн сынак жарыялайбыз. 

Окууларда социалдык тармактарга видео, виузалдык медиа материадарды даярдоодон сырткары медиа сабаттуулук, факт-чек, конфликттерди жана гендердик маселелерди чагылдыруу жаатында эрежелер да окутулат. 

Эгер Сиз бул окуулар маанилүү болсо анда бул шилтемеден атайын өтүнмөнү толтуруңуз. 

Бул долбоор  “Баткен облусун өнүктүрүү” мамлекеттик программасын ишке ашырууда жергиликтүү бийликтин аракеттерин элге жеткирүүдө, эл тарабынан колдоосун күчөтүүдө журналисттер, блогерлер, активисттер менен биргеликте иштөө максатын көздөйт.

Катышууну каалаганда өтүнмөнү толтурушу керек. Орундар чектелүү.

Өтүнмөнү толтуруу үчүн бул шилтемени басыңыз.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here