Милиция Лейлек районунда жергиликтүү тургундар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү учурунда чек арадан мыйзамсыз өткөн жаранды кармады.
Облустук милициянын маалыматында, кармалган жаран паспорттук режимдин журүшүндө аныкталган. Ал чет өлкөнүн жараны болуп, Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн.
Бул факты райондук милициянын маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөө иштери уланып жатат.