Түркияда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт

0
553

Түркияда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият  маалымат спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, иш-чаралар 26-29-ноябрь күндөрү Анталия жана Анкара шаарларында  Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 32 жылдыгына, Түркиянын 100 жылдыгына жана жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата өткөрүлөт.

Делегациянын курамында «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык ансамбли, «Ак-Марал» мамлекеттик бий ансамбли, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз академиялык опера жана балет театрынын жана Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын солисттери, эстрада ырчылары, кол өнөрчүлөр, кино тартуу тобу, сүрөтчүлөр жана дизайнерлер бар.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here