Бул тууралуу облустук бийликтен кабарлады.
Маалыматка караганда, аталган муниципалдык ишкана Лейлек районунун Жеңиш айылына ачылып, ага Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган 500 млн сомдун алкагында 5 млн сом бөлүнгөн. Ошондой эле жергиликтүү бюджеттен да 2 млн 400миң сом жумшалган.
Учурда ишканада пескоблок, брусчатка, шакектер, суу ноолору, электр мамычаларынын үлгүлөрү чыгарылып жатат.
Муниципалдык ишканада 8 жумушчу оруну түзүлдү.