Лейлектин Айбике айылында 30 млн сомдук сугат суу долбоору ишке ашты

0
688

Лейлектин Айбике айылында Танги-Айбике сугат суу долбору ишке ашты. Долбоор Баткен облусун өнүктүрүүгө  багытталган 500млн сомдун алкагында жүргөнүн бүгүн, 22-ноябрда облустук бийликтен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, сугат суу долбоорунун курулушуна  30,4 млн сом жумшалган. Айылга Алтын-Бешик тоолорунан 5,5 км  аралыкта жер асты менен суу алынып келинди.

Облустук бийликтин маалыматында сугат суу долбоору ишке ашышы менен 628гектар бош жаткан талааларга суу жетип, өздөштүрүлөт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here