Баткенде үч көчөгө тратуар курулуп жатат

0
634

Баткен шаарындагы үч көчөгө тратуар куруу жана сугат суу ноолорун орнотуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу шаар мэри Имамназар Бурханов  билдирди.

Ага ылайык, курулуш иштери шаардын Г.Абдубалиева, Ж.Момунов жана Ж.Бөкөнбаев көчөлөрүндө жүрүүдө. Аталган үч көчөнүн тратуарын курууга республикалык бюждеттен 7 млн 577 миң сом жана жергиликтүү бюджеттен 3 млн 247 миң сом бөлүнгөн. 

Буга чейин жолдорду кеңейтүү максатында аталган көчөлөрдө мыйзамсыз курулуштар бузулуп, жолдор кеңейтилген.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here