Баткенде Ормузан көмүрү акысыз таркатылып жатат

0
699

Баткен районунун аймагында социалдык жактан муктаж болгон, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана жакыр үй-бүлөлөргө Ормузан көмүрү акысыз таркатылып жатат. Бул тууралуу райондук бийликтен билдиришти.

Ага ылайык, учурда 200 тоннага жакын ормузан көмүрү келип, айыл өкмөттөрдүн аймагына түшүрүлүп жатат.

“Көмүр биринчи кезекте социалдык жактан муктаж үй-бүлөлөргө берилет.  Андан соң  гана арзан баадагы тоннасы 5 миң сомдон болгон Ормузан көмүрү райондун аймагындагы баардык тургундарына сатылат.

Быйыл райондун тургундары арзан көмүр менен толук камсыз болот.” – деп жазылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here