Сүрөт: Turmush басылмасы
Лейлектин Сары-Дөбө айылына курулуп жаткан 150 орундуу мектептин курулушу 80 пайызга аяктады. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттөн кабарлашты.
Маалыматка караганда, жаңы мектептин жалпы долбоордук баасы 81,5 млн сомду түзөт. Ал республикалык бюджеттен каржыланган.
Курулуш иштерин «Акжол Курулуш-Транс» ЖЧКсы жүргүзүп жатат.