Баткенде 52 ишкер 1млн сомго чейин гранттарды алды

0
717

Бул тууралуу облустук бийликтен билдиришти. 

Маалыматка караганда, гранттар БУУнун Өнүктүрүү Программасынын  Кыргызстандагы  “Жаңырейшн аймак” демилгесинин алкагында берилген.  

Жыл башынан бери аталган гранттарды алуу үчүн Баткен облусунун аймагынан 2 миңден ашуун арыздар түшкөн. 

«Грант  алуучулардын басымдуу бөлүгү  билим берүү, туризмди өнүктүрүү, эмерек, тигүү жана ширетүү,кондитердик  цехтерин, техникалык тейлөө станцияларын ачуу, айыл чарба кызматтарын көрсөтүү жана дыйканчылыкты өнүктүрүү жаатында эмгектенишүүдө.» – деп белгиленет маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here