Баткенде эки айылды бириктирүүчү жөө өтүүчү жол ачылды

0
1788

Баткен районунун алыскы тоолу аймагындагы Тунук-Суу айылы менен Кан айылын бириктирген жөө өтүүчү жол пайдаланууга берилди. Ага СССРдин эмгек ардагери Кызыл-Туу орденинин ээси Рахматилла Амировдун ысымы ыйгарылды. 

Аталган өтмөктүн ачылуу аземине айыл аксакалдары, жергиликтүү жашоочулар жана район акими Учкунбек Жоробаев баш болгон бир катар бийлик өкүлдөрү катышты.

Жөө өтүүчү жолдун узундугу 7 жүз метрди түзсө, сметалык баасы 3 миллион 242 миң сомду тузгөн.

Бул жолдун пайдаланууга берилүүсү менен Кан айылындагы мектепке каттаган окуучулардын коопсуздук маселелери жоюлду.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here