Кызыл-Кыяда студенттер органикалык азыктарды чыгара баштады

0
1448

Кечээ 15-ноябрда, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы Т.Кулатов атындагы окуу борборуна пресс-тур уюштурулду. 

Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында жасалып жаткан иштердин жыйынтыктары боюнча маалымат берилди. 

Турдун жүрүшүндө колледждин  «Алдыңкы тажрыйба борборунда»  студенттер үчүн атайын органиканикалык азыктарды иштеп чыгуучу иш кана ачылган. Бул жерден студенттер “Айыл-чарба продукцияларын өндүрүп чыгаруу жана кайра иштетүүнүн технологу” болуп чыгышат.

  Доолбоордун алкагында кайра иштетүүгө керектүү жабдыктар сатылып алынган.

Учурда  студенттердин колунан жаралган табигый органикалык азыктар, таттуулар сатыка чыккан.

Мындан сырткары окуу жайда тигүү цехи жанданып, тигилген кийимдер Россияга чейин экспортолуп келет.

“Алдыңкы тажрыйба борборунда” колледждер жана кесиптик лицейлер үчүн педагогдордун жана чеберлердин квалификациясын жогорулатуу иштерди жүргүзүп келет.

Окуу жайда мүмкүнчүлүгү чектелген студентер үчүн да  бир катар шарттар түзүлгөн.

Мындан сырткары колледж тарабынан 15 жумушсуз жаранга уюштурулган “Санариптик технологияларды колдонуу” курсунун бүтүрүүчүлөрүнө сертификаттар тапшырылды.

Белгилей кетсек, Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-техникалык инновация жана экономика колледжи 1930-жылы Ташкентте тоо-кен факультети бар геологиялык изилдөө техникуму болуп түзүлгөн. 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here