Баткенде заманбап спорт комплекс курулууда

0
1723

Баткен шаарында жаштар үчүн бардык шарты бар заманбап спорт комплексинин курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу облустук бийликтин басма сөз кызматы билдирди.

Ал үчүн жергиликтүү бюджеттен 12 млн сом каралган, учурда курулуш иштери  80%га аяктап калган. 

Бул спорт мекемесинде  жаштар волейбол, баскетбол, футбол, күрөш боюнча машыкса болот, ошондой эле комплексте аялдар, эркектер үчүн өзүнчө машыгуучу залдары, кийим алмаштыруучу бөлмөлөрү, жуунучу жай менен ашканасы да пландаштырылган.  

Белгилей кетсек, шаарда жаштар үчүн спорт комплексинин жоктугунан, жаштар орто мектептердин спорт залдарында сабактан кийинки убактарда, кечинде машыгууга мажбур болуп келишет. Ал эми кыз келиндер үчүн спорт менен машыгуу залдары болгон эмес. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here