Лейлекте мектепке барбай жүргөн 4 окуучу рейд учурунда аныкталды

0
519

Лейлек районунун аймагында ушул жылдын 14-15-ноябрь күндөрү жүргүзүлгөн «Камкордук», «Антирэкет» иш-чарасы жүрүп сабака барбай максатсыз көчөдө жүргөн 4 окуучу аныкталып, алардын ата-энелери чакыртылып, эскертүүлөр берилди. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди. 

Иш чаранын жүрүшүндө жашы жете электердин иши боюнча тескөөчүлөр жана тийиштүү мекеме-ишканалардын өкүлдөрү менен биргеликте район аймагындагы соода түйүндөрү, балдардын көп чогулган жайлары, компьютердик клубдар, түнкү тамактануучу жайларга текшерүү жүргүзүлгөн.        

Ошондой эле билим берүү мекемелеринде мектеп окуучуларына зордук-зомбулуктун алдын алуунун, жаштар арасындагы кылмыштуулуктун мыйзам алдындагы жоопкерчиликтери боюнча маалымат берилди.

Иш-чара учурунда жол кооптуулугун жаратып, скутер айдап жүргөн жашы жете элек бир өспүрүм такталып, анын ата-энесине жана өзүнө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here