Кадамжайда жол кырсыгынан эки адам каза тапты

0
546

Сүрөт: Turmush басылмасы 

Бул тууралуу облустук милициянын жол кыймылын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, кечээ, 1-ноябрь күнү Кадамжайдын Ак-Турпак – Миң-Чынар – Өтүкчү унаа жолунун 20-чакырымында оор жүк ташуучу “Хова” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, Ак-Турпак айылынын Мечит көчөсүндөгү 1- үйдү сүзүп алган. 

Сүрөт: Turmush басылмасы

Аталган үйдүн дубалы, үй ичиндеги 57 жаштагы аялды басып калып, алган жараатынан улам каза болгон. Ал эми жүк ташуучу унаанын 36 жаштагы айдоочусу да окуя болгон жерде көз жумган. 

Бул кырсыктан, башка жабыркагандар жок.-деп жазылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here