Баткен облусунун аймагында арзан көмүр саткан кампалар ачылды

0
1588

Бул тууралуу облустук бийликтин басма сөз катчысы билдирди.

Маалыматка караганда, президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү жана «Кыргызкөмүр» Мамлекеттик ишканасынын «Түштүк» филиалынын биргелешкен аракети менен  Баткен областында 6  көмүр кампасы  ачылды. 

Аталган кампаларда  БР маркасындагы көмүрдүн тоннасы 5 миң сомдон сатылууда. Бул аракет бир жолу эмес, эл толук көмүр менен камсыздалганга чейин уланат

Арзан көмүр биринчи кезекте 2021-2022-жылдардагы чек ара окуяларынан жабыркагандарга, социалдык жактан муктаж үй-бүлөлөргө берилет.

Лейлек жана Баткен району, Баткен шаарындагы көмүр кампаларында Сүлүктү кенинин көмүрү, ал эми Кадамжай жана Кызыл-Кыя шаарында Бел-Алма кенинин көмүрү сатылат.

Кампалардын дареги;

— Лейлек районунун Кулунду айыл аймагы, ЦРМдин аймагы

— Раззаков шаары, Тазалык ишканасынын аймагы. 

— Баткен шаары Самат Сыдыков көчөсү, болжол менен Баткен ТВнын арт жагы

— Кадамжай району, МАИ кызматынын айып короосунун алды

— Ак-Татыр айыл өкмөтү, Рават айылы, Колтук көчөсү, үй номери 25

— Кызыл-Кыя шаары, Жусубалиева 137

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here