Кызыл-Кыя шаарындагы дүкөндөрдүн биринде ок атылып, бир адам каза болду

0
581

Кечээ, 25-октябрда Кызыл-Кыя шаарындагы дүкөндөрдүн биринде түнкү саат 02:15тер чамасында адам өлтүрүү фактысы катталды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы билдирди.

Маалыматка караганда, Караван айылынын 27 жаштагы тургуну Кызыл-Кыя шаарынын 32 жаштагы тургунуна пикир келишпестиктен улам ок атуучу куралдан ок чыгарган. Ал окуя болгон жерден качып кеткен. 

Ал эми 32 жаштагы жаран Кызыл-Кыя шаарынын жалпы дарыгердик практикалык борборунун жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, алган жараатынан улам каза болгон.

Бул факты боюнча кылмыш жаза кодексинин Адам өлтүрүү беренеси  менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүүнүн жүргөн жерин аныктоо үчүн ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here