Бүгүн 25-октябрда Раззаков шаарында Мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун 113 жылдыгына карата эскерүү иш чарасы өтүүдө. Бул тууралуу облустук бийликтин маалымат катчысы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Раззаковду эскерүү иш чарасына Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев баштаган бир катар жетекчилер жана жергиликтүү тургундар катышты.
Алгач жетекчилер улуу инсандын айкелине гүл чамбарларды коюп, анын арбайына багыштап куран окушту.