Чек арада жарадар болгон чек арачыга эки бөлмөлүү батир берилди 

0
923

2022-жылдын 16-сентябрнда орун алган кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда жаракат алган чек арачы Тайырбек Инхамовго Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкек шаарынан эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу бүгүн 20-октябрда атайын кызматтын маалымат кызматы кабарлады. 

Тайырбек Инхамов миномёттун жарылуусунан бутунан катуу жараат алып, колунан сызып өткөн октон жаракат алган. Ал сол көзүнөн ажырап калган. Учурда Инхамов ата-энеси менен жашайт.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here