Баткенде мектеп окуучулары зомбулукка каршы жөө жүрүш жасады

0
940

Бүгүн 16-октябрь күнү Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы А.Масалиев атындагы орто мектебинин окуучулары жана мугалимдеринин катышуусунда үй-бүлөлүк зордук зомбулукту токтотууга арналган жөө жүрүш өттү. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. 

Зомбулуктун алдын алууга багытталган иш чарада, аймактык милиция мектеп окуучуларына зордук-зомбулуктун бардык түрлөрү жана алдардын мыйзам алдындагы жоопкерчиликтери боюнча түшүндүрдү.

Облустук милициянын маалыматында, Баткен районунун аймагында жыл башынан бери 46 зомбулук катталган. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here