Баткен шаарында азык-түлүк бааларын туруктуу кармоо боюнча иштер жүрүүдө

0
1038

Бүгүн 12-октябрда Баткен шаарында монополияны жөнгө салуу агенттигинин кызматкерлери жана шаардык бийлик өкүлдөрү  нан жана нан азыктарын сатуу иштерин жүргүзгөн субъектерге нандын белгиленген баасынан ашып кетүүсүнө жол бербөө максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу шаардык бийликтин маалымат катчысы кабарлады.

Түшүндүрүү иштеринин алкагында буудай унунун 1-сортунан жасалган нан азыктарынын бааларына мониторинг жүргүзүлүп, нандын баасы жана салмагы боюнча текшерүү учурунда атайын белгиленген стандартка жооп бербеген навайчыларга жана сатуучуларга эскертүүлөр берилди. 

Белгилей кетсек, 1 кг бөлкө нандын дүң баасы 56,5 сом болуп, чекене баасы 65 сом болушу шарт. Ал эми 1 кг тандыр нандын дүң баасы 99 сом, чекене баасы 116 сом деп бектилген.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here