Баткендин Зарташ айылында таза суу долбоору ишке ашты

0
963

Баткендин Зарташ айылында таза суу долбоору ишке ашып, кечээ 11- октябрда пайдаланууга берилди. Бул туурасында райондук бийликтен билдиришти. 

Зарташ айылындагы таза суу долбооруна, айылга 5 чакырымдан ашун суу түтүктөрү орнотулуп,  Ас-Саффа коомдук фонду тарабынан жалпы суммасы 14 млн сомдон ашуун каражат жумшалды. Ошондой эле жергиликтүү казынадан да  каражаттар бөлүнгөн – деп белгиленет маалыматта. 

Ошондой эле райондук бийликтин маалыматында, Баткен районунун социалдык инфраструктурасын жакшыртуу максатында район акими Учкунбек Жоробаев  инвестиция тартуу менен, райондун бардык айыл аймактарына таза суу долбоорун ишке ашырууну мерчемдегени да айтылат. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here