Баткенде 97 үй селден корголууда 

0
739

Баткен районунун Ак-Татыр, Суу-Башы айыл аймактарында 97 турак үй сел коркунучунан корголууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка караганда, Апкан айылындагы сел коргоо тосмонун жээгин бекемдөө жана Ак-Татыр айыл өкмөтүндөгү сел өтүүчү сайдын жээгин бекемдөө иштеринин курулушу жыйынтыкталса, Ак-Татыр айыл өкмөтүндө 22 турак үй, 5 гектар айыл чарба багытындагы жер аянты, ал эми Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Апкан айылында 75 турак үй, 15 гектар чарбалык жер, мектеп жана балдар бакчасынын имараты, ошондой эле мечит, ФАП жана 500 метр ички чарбалык жол сел коркунучунан коргоого алынат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here