Баткен облусунда 297 264 шайлоочу бар

0
706

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жооптуу кызматкерлери тарабынан ар бир шайлоо участкаларынын даярдыгы текшерилди.
Бүгүнкү күнгө облуста шайлоочулардын жалпы саны 297264 кишини түздү. Облус аймагындагы 217 шайлоо участкасы даярдалды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

КРнын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан Баткен облусуна бюллетендер келип түштү.
2021-жылдын 5-январына карата үйүндө добуш берүү үчүн 67 арыз келип түшкөн болсо, кызматына байланыштуу 3190 жаран форма 3 менен добуш берет.
Шайлоо участкаларын үзгүлтүксүз электр энегриясы менен камсыз кылуу максатында электр генераторлору менен камсыздалды. Ошондой эле жылуулук менен камсыз кылуу үчүн шарттар түзүлдү.

Облустагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу шайлоо участкаларында санитардык нормаларды сактоо үчүн коргонуучу каражаттар жана дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздалды.
Шайлоо күнү шайлоочулардын ден соолугуна кам көрүү үчүн 434 медицина кызматкери, коомдук тартипти сактоо үчүн 880 милиция кызматкерлери тартылат. Ошондой эле 545 адамдан турган элдик кошуундар уюштурулду.

Баткен облусунда 2021-жылдын 10-январындагы КРнын Президентине мөөнөтүнөн мурда өтүүчү шайлоого жана КРнын мамлекеттик башкаруу формасын тандоо боюнча боло турган элдик референдумга даярдык өз нугунда жүрүп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here