Кыргыз-тажик чек арасынын 43,32 чакырымы такталды

0
925

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара боюнча топографиялык топтору чек ара тилкесинин 43,32 чакырымын макулдашышты. Бул тууралуу 8-октябрда Министрлер кабинетинин сайтына жарыяланды.

Маалыматка караганда, 3-8-октябрь күндөрү Баткен шаарында өткөн кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумуш топторунун жана укуктук маселелер боюнча жумуш топторунун кезектеги жолугушуусунда, 43,32 чакырым макулдашылды.

«Тараптар калган тилкелер боюнча ишти Тажикстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда улантышат. Жолугушуунун жыйынтыгында тийиштүү протоколго кол коюлду. Жыйын достук жана өз ара түшүнүү маанайында өттү”, — деп жазылат маалыматта.

Кыргыз-тажик чек арасы жалпысынан 972 чакырымды түзөт. Эки тараптуу чек араны тактоо иштери 2002-жылы башталган. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин былтыр эки өлкөнүн президенттери ырастаган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here