Самаркандекте азык-түлүктөрдү акысыз ала турган дүкөн ачылды

0
930

Баткен районунун Самаркандек айылында кыз-келиндер демилгеси, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен муктаждар үчүн социалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу райондук бийликтен билдиришти. 

Ага ылайык, акысыз дүкөндүн ачылуу аземине Баткен облусунун өкүлүнүн орун басары Маруфхан Тулаев, район акими Учкунбек жоробаев баш болгон бийлик өкүлдөрү, айыл тургундары катышты.

Аталган дүкөндөгү текчеге күнүмдүк азык-түлүктөн тартып, кийим кечелер да  коюлган. Айылдагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, майыптыгы бар жарандар, жумасына бир жолу дүкөндөн өздөрүнө керектүү товарды алса болот.  Бул дүкөнгө кайдыгер эмес жарандар да ар тармактуу өз салымдарын кошсо болот.

Райондук бийликтин маалыматында, Самаркандек айыл аймагында 15 миңге чукул калк жашайт. Алардын ичинен 100гө жетпеген аярлуу катмардагы үй-бүлө бар.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here