Бул тууралуу облустук казыяттан кабарлашты.
Ага ылайык, Баткен облустук мусулмандарынын казыятында облус аймагындагы диний окуу жайлардагы араб тили мугалимдеринин квалификациялык билимин жогорулатуу максатында «Ассанабил» кайрымдуулук фондунун колдоосу менен 3 күндүк окутуу семинарын баштады.
Аталган семинарга Кыргызстан мусулмандарынын дин башармалыгынын үгүт-насаат, жаштар жана аялдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жоробай ажы Шергазыев, Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров, араб тили боюнча атайын адис, доктор Сайид Иззат катышты.