Лейлектик мугалим өлкө боюнча “Мектептен тышкаркы кошумча билим берүүнүн мыкты мугалими” аталды

0
814

Кыргызстанда 2022-2023- окуу жылындагы “ Мыкты мугалим”, «Мыкты тарбиячы» жана «Мектептен тышкаркы кошумча билим берүүчү мыкты мугалим» наамдарына талапкерлердин сынагынын республикалык этабы жыйынтыкталды. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда,  сынакта “Мектептен тышкаркы кошумча билим берүүнүн мыкты мугалими” Баткен облусунун Лейлек районундагы “Баластан” балдар билим берүү, чыгармачылык борборунун мугалими Баходир Ишанкулов ээлесе, Бишкек шаарындагы Биринчи май районунун №11 “Ак-кеме” мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы Таттыбүбү Мамбеткулова “Жылдын мыкты тарбиячысы” аталып,  “Жылдын мыкты мугалими”  наамын Ош шаарынын № 37 Гапар Айтиев атындагы орто мектебинин англис тил мугалими Элнура Алекова ээледи.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here