Лейлекте карыларга колдоо көрсөтүүнүн 20 күндүгү жарыяланды. Бул туурасында райондук бийликтин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, район акими үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан 20-октябрына чейин улгайган адамдарга колдоо көрсөтүүнүн саамалыгын жарыялап, анын алкагында район аймагындагы 100 жаштан ашкан карялардан кабар алды.
Эми мындай иш чаралар 20- октябрга чейин уланат.