Кадамжай райондук акимчилигинен билдиришкендей, Абсамат Масалиевдин 90 жылдыгына карата Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагында оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.
Райондук администрациянын өнүктүрүү фондунан 4 млн 358 миң сомго Масалиевдин эстелиги орнотулган аянтча оңдолууда.
Бул жылы район аймагында Молдо Нияздын 200 жылдыгы менен утурлай Коомдук ишмер Абсамат Масалиевдин 90 жылдыгы октябрь айында белгиленүүсү күтүлүп жатат.