Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата Баткен облусунда окуучулар арасында мелдеш өттү. Бул тууралуу ӨКМдин облустук өкүлчүлүгүнөн маалым кылышты.
27-сентябрда окуучулардан түзүлгөн командалар ортосунда облустук мелдешке Баткен шаарынан «Бүркүт», Баткен районунан «Учкун», Сүлүктү шаарынан «Жалын», Лейлек районунан «Сактоочу» жана Кызыл-Кыя шаарынан «Биримдик» командалары катышты.
Катышуучулар «Үй тапшырмасы», «Өрт эстафетасы», «Алгачкы медициналык жардам көрсөтүү» жана «Команда капитандарынын сынагы» деген 4 этап боюнча күч сынашты.
Жыйынтыгында Баткен шаарынын “Бүркүт” командасы жеңүүчү деп табылды. Эми аталган топ 4-5-октябрь күндөрү Бишкек шаарында өтүүчү республикалык мелдешке катышат.