Баткенде Бизнес жумалыгы өтүүдө

0
381

Бүгүн, 26-сентябрь күнү “Баткен облусун өнүктүрүү программасын ишке ашыруудагы актуалдуу маселелер: Финансы институттарынын жана өнүктүрүү инстутуттарынын ролу” аталышындагы иш чара өттү. 

Иш чара Баткен облусунун аймагында иш жүргүзгөн ишкерлерге багытталган. Ага Улуттук банктын жетекчиси, РСК банк, Керемет банк жана Айыл банктын өкүлдөрү, Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун, Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун жетекчилери жана ишкерлер катышты.

Иш чарада ишкерлер өздөрүнүн кызыктырган суроолорун берип, жооп алышты. Мындан сырткары жекече кеңештерди алууга да аянтча түзүлдү.

Облустук бийликтин маалыматында, Баткен облусунда 2023-жылдын 24-августуна карата  “Айыл чарбасын каржылоо-11” долбоорунун алкагында 528ишкерге 241млн 450миң сом жеңилдетилген насыя берилген.   

Аны менен катар республикалык бюджеттен  Финансы кредиттик фонду аркылуу чек арадагы акыркы окуяда жабыркаган ишкерлерди колдоо максатында 1%  менен насыя берилген Жалпы  162 ишкер кайрылган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here