Айсулуу Тыныбекова дүйнөнүн үч жолку чемпиону атанды

0
465

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова Дүйнөнүн 3 жолку чемпиону аталды.

Тыныбекова 16-сентябрдан 24-сентябрга чейин Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө биринчилигине катышты. Аталган беттеште Тыныбекова польшалык, молдовалык, украиналык жана германиялык балбандарды артта калтырып, финалга өткөн.

Финалдык беттеште кыргыз балбаны япониялык Сакура Мотоки менен күч сынашып, аны 4:1 эсебинде жеңип, алтын медалга татыды. Муну менен Тыныбекова 2024-жылы Париж шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алды.

 Эске салсак, Тыныбекова буга чейин Дүйнөнүн эки жолку чемпиону болгон.

    

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here