Кыргыз-тажик президенттери Нью-Йоркто жолугушту

0
737

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон 19-сентябрда Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун 78-сессиясынын алкагында жолугушту. Бул тууралуу кыргыз президентинин басма сөз кызматы маалымдады.

Өлкө башчылары кыргыз-тажик кызматташтыгын талкуулады. “Жапаров менен Рахмон кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерине өзгөчө көңүл буруп, башка темалар боюнча пикир алмашты”, — деп айтылат билдирүүдө.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here