Өкмөт Кыргызстанда ундун баасы темир жолдогу тыгындан улам кымбаттап жатканын билдирди

0
492

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев мамлекеттик органдардын жана ун, мунай ташуучулар ассоциацияларынын өкүлдөрү менен азык-түлүк коопсуздугу боюнча жыйын өткөрдү. 

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы 19-сентябрда кабарлады.

Анда Казакстандан чыккан ундун баасынын жогорулашы, күйүүчү, майлоочу майдын баасы талкууланды. Төрөбаев өлкөдө буудай тартыштыгы жок экенин айтып, казак уну темир жолдогу сезондук тыгындан улам кымбаттап жатканын айтты.

«Мамлекеттик материалдык резервдер фонду ун ишканаларын керектүү көлөмдөгү буудай менен камсыздайт. Биз эң аз дегенде беш ай бою өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздай алабыз», — деди Төрөбаев.

19-сентябрда парламенттин тармактык комитетинин жыйынында бир нече депутат базарда нандын, ундун баасы кескин кымбаттаганын айтып чыккан. 

Март айында Улуттук статистика комитети 2017-2022-жылдар аралыгында дан азыктарынын баасы 51,1% кымбаттаганын билдирген.

Кыргызстан буудайды негизинен Казакстан менен Орусиядан алып келет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here