Жапаров БУУда геосаясий чыңалуу жана аймактык бүтүндүк тууралуу маселе көтөрдү

0
393

19-сентябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясында сүйлөгөндө дүйнөдөгү геосаясий чыңалууга токтолду.

Жапаров дүйнөдө болуп жаткан өзгөрүүлөр Борбор Азия мамлекеттериндеги стабилдүүлүккө жана коопсуздукка түздөн-түз таасир этип, ошол эле учурда чөлкөмдүн ролун, маанисин арттырып жатканын белгиледи. 

Мамлекет башчы кыргыз-тажик чек арасындагы жагдайга да токтолуп, эки өлкө былтыр кан төгүүнү ырбатпай токтотуп калууга жетишкенин, Бишкек дайыма сүйлөшүүлөргө ачыктыгын, аймактык бүтүндүктү колдой турганын айтты.

«Биз эч качан бөтөн жерди басып алганга умтулган эмеспиз, бирок эч кимге өз жерибизди тартып алууга жол бербейбиз», — деди Жапаров.

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясы Нью-Йоркто өтүп жатат. Президент Жапаров беш күндүк иш сапар менен АКШга 18-сентябрда барган.

Ал БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш, Өнүктүрүү программасынын администратору Аким Штайнер, бир катар мамлекеттердин жана эл аралык каржы институттарынын башчылары менен жолугушту. 21-сентябрда кыргыз-америка бизнес форумуна катышары кабарланган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here