Баткен районунда көмүрдүн бир мүшөгү  300-350 сомдон сатылууда

0
526

Райондо арзандатылган баада көмүр сатыла турган жайлар уюштурулганы тууралуу Баткен райондук акимчилигинен маалым кылышты. 

Район акими Учкунбек Жоробаев мындай жайлар Сүлүктү шаарындагы көмүр шахталарынын жетекчилери менен арзан баада көмүр сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн негизинде ачылганын белгиледи.

Учурда Баткен шаарында Сүлүктү көмүрүнүн бир мүшөгү 300- 350 сомдон сатылууда.

Мындай арзандатылган баадагы көмүрлөр район аймагындагы бардык айылдарда уюштурулганы маалым болду. Ошондой эле суроо-талапка жараша көмүр үзгүлтүксүз негизде ташылып турат.

Азырынча арзандатылган көмүрдүн көлөмү чектелүү гана, бир айыл аймакка 800 мүшөк кара алтын туура келет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here