Октябрдан тарта пенсия орто эсеп менен 38% көтөрүлөт

0
437

Президент Садыр Жапаров «2023-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо жөнүндө” жарлыкка кол койду. Ага ылайык, 30 миң сомго чейинки пенсиялар үчүн индексациялоо коэффициенти 1,38 өлчөмүндө белгиленди.  Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, 30 миң сомго чейинки пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү орточо 38%, бирок 500 сомдон кем эмес өлчөмүндө көбөйөт. Бул үчүн 3,9 млрд сом каралды. Мындай пенсиялардын орточо өлчөмү жогорулагандан кийин 9354 сомду түзөт, бул пенсиянын азыркы өлчөмүнөн орто эсеп менен 1692 сомго көп.

Эгерде пенсияны жогорулатууга Социалдык фонддун каражаттарынан ушул жылдын үч айына 3,9 млрд сом каралса, 2024-жылы бул сумма кошумча 16,2 млрд сомду түзөт. Муну менен пенсия республикалык бюджеттин катышуусуз толугу менен Социалдык фонддун каражаттарынын эсебинен жогорулатылат.

Соцфонддун маалыматына ылайык, өлкөдө 765 миң 600 пенсионер бар. Алардын ичинен 219 миңдей пенсионер 5 миң сомго чейинки пенсия алат.

Быйылкы алты айда Кыргызстанда 38 774 адам пенсияга чыккан.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here