Баткен жана Согди облус башчыларынын кезектеги жолугушуусу өттү

0
1423

Бул тууралуу облустук бийликтин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн 13-сентябрда Президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода менен жолугушту. 

Жолугушууга эки облустун чектеш райондорунун акимдери, облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты. 

Жетекчилер алгач, буга чейин чек ара аймактарында орун алган куралдуу жаңжалда курман болгон жарандардын арбайына багыштап куран окушту.

Облус башчылары Баткен жана Согди облусунун чектеш аймактарында коомдук коопсуздукту сактоо, тынчтыкты камсыз кылуу максатында сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Ошондой эле, облус жетекчилери эл  арасында пайда болгон ар кандай түшүнбөстүктөрдүн алдын алуу, чыр чатактарга жол бербөө боюнча, чектеш жайгашкан район акимдерине жана облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине биргелешип иштөө менен  коомдук коопсуздукту камсыздоону тапшырышты. 

Учурда кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу, күч түзүмдөрү күнүмдүк тартипте иштеп жатат. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here