Кадамжайда чек араны мыйзамсыз бузуп өткөн чет өлкөлүк жаран кармалды

0
2987

Бул тууралуу облустук милициядан билдирди.

Маалыматка таянсак, Кадамжай районунун Айрыбаз айылында 5-сентябрдан 6-сентябрга караган түнү милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту көзөмөлдөп жүрүп, айылда бейтааныш адамды жолуктуруп калат.

Шек жараткан жарандан кайда жөнөгөндүгүн, жанында документтериң барбы деп сураганда ал Ош шаарына жөнөдүм деп жолду адаштырып айтып алат. Айрыбаз айылдык милициясынын текшерүү иштеринин натыйжасында, шектүү адам чек арадан мыйзамсыз өткөн 40 жаштагы чет өлкөнүн жараны экендиги белгилүү болот.

Бул факты боюнча кылмыш жаза кодексинин мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилди. 

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here