Президент Баткен облусунун башчысын кабыл алды

0
431

Кечээ 6-сентябрда Президент Садыр Жапаров Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаевди кабыл алды. Анда Алимбаев Баткен облусундагы инфраструктураны жакшыртуу, социалдык объекттерди куруу, долбоорлорду ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу отчёт берди.

Ошондой эле облус башчы 2022-жылдын 14-17-сентябрында Тажикстандын куралдуу кол салуусунан Баткен, Лейлек райондорунда жана Баткен шаарындагы жабыркаган үйлөрдүн курулушу, калыбына келтирүү иштери толугу менен аяктаганын жана уурдалган, өрттөлгөн мүлктөргө болгон кенемте төлөнгөнүн маалымадаган.

Жолугушууда президент мындан ары да Баткен облусуна мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл буруларын баса белгиледи. Ал аймактын социалдык-экономикалык абалын, инфраструктурасын өнүктүрүү маселесине өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here