Эл артисти Аппаз Жайнаковдун ысымы Үч-Дөбө мектебине ыйгарылды

0
567

Баткен районунун Үч-Дөбө айылындагы орто мектепке Кыргыз Республикасынын Эл артисти Аппаз Жайнаковдун ысымын ыйгаруу салтанатына мамлекеттик жетекчилер, чыгармачыл инсандар, Аппаз Жайнаковдун жакындары, айылдаштары, мугалимдер жана окуучулар катышты. 


Иш чаранын жүрүшүндө Аппаз Жайнаковдун эстелиги ачылып, куран окулду. 

Салтанаттын катышуучулары Эл артисттин  кыргыз элин, жерин даңазалаган чыгармалары, кыргыздын расмий эмес гимнине тете болгон обондору түбөлүктүү экенин, миң жылдар алмашса да, бул улуу чыгармалар элдин жүрөгүндө сакталаарын белгилешти.  

Салтанаттуу аземде жергиликтүу таланттар тарабынан Аппаз Жайнаковдун чыгармалары тартууланды. 

Мектепке Эл артистинин жеке буюмдары, аккардеону, сыйлыктары да коюлду. Аппаз Жайнаков 1960-жылы Баткен районунун Үч-Дөбө айылында туулган. 

1995-жылы Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти наамына татыктуу болгон. 2003-жылы Кыргызстандын Эл артисти наамы ыйгарылган. 

2006-жылы Баткен облустук музыкалык драма театрын негиздеген. Обончунун көзү өткөндөн кийин анын аты өзү иштеген театрга берилген. 

Аппаз Жайнаков Баткен облусунун гимнинин автору.

Учурда анын ысымы Баткен шаарындагы көчөгө да ыйгарылган. 

Обончу 2013-жылы 9-октябрда, 53 жашында оорудан улам көз жумган. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here