Кызыл-Кыя шаарында милиция кызматкерлери мектеп окуучуларынын коопсуздугун көзөмөлдөөдө

0
213

Кызыл-Кыя шаар аймагында милиция кызматкерлери жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору менен биргеликте шаар аймагындагы билим берүү мекемелерине барып, мектеп окуучулары менен жолугууда. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы маалым кылды. 

Жолугушууда кылмыштуулуктун алдын алуу, укук бузууларга жол бербөө, мектеп рэкетчилигин болтурбоо жана топтошуп мушташуулардын алдын алуу максатында алдын алуу профилактикалык түшүндүрүү иштери жүрдү.

Ошондой эле сабакка барбай, акча табуу максатында базарда соода сатык кылып жүргөн 3 өспүрүм аныкталып, алардын ата-энелери чакыртылып, түшүндүрүү иштери өткөрүлдү.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here